Парпиев Мыктыбек Төрөканович 1973-жылдын 9-мартында Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл округуна караштуу Чымбай айылында мугалимдин үй бүлөсүндө туулган. Мектеп жашына чейин Чымбай айылындагы балдар бакчасында тарбияланган 1980-жыл 1-сентябрдан 1987-жылга чейин Правда №16 орто мектебинде билим алып толук эмес орто билимге ээ болгон
1988-1992-жылдары Ош курулуш техникумунун “Эмгекке үйрөтүү жана чийүү сабагынын мугалими” бөлүмүн аяктап, 1992-жылдын 1-сентябрынан 1996-жылдын декабрына чейин Өзгөн районун Дөң-Булак айыл округуна караштуу Бабаш улуу айылындагы “Тоголок Молдо” орто мектебинде чийүү жана эмгек сабагын мугалими болуп иштеген .
1996-жылдын январь айынан баштап 2011- жылдын август айына чейин №54 Т.Сарыков атындагы орто мектебинде кыргыз-тили жана адабияты жана эмгекке үйрөтүү сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенген.
2003-2008 – жылдары Академик М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин “Кыргыз-тили жана адабияты” бөлүмүн аяктап , ошол эле жылдары Дөң-Булак айылдык округуна айылдык кеңештин депутаты болуп шайланган .
2003-жылы “Ош-3000” мааракесинде мектептин 30 окуучусун дене тарбия мугалими А.Ормокеев менен бирге Ош шаарына марафондук жүрүшкө жетектеп баргандыгы үчүн Өзгөн районунун жана профсоюз уюмунун “ Ардак грамотасы” менен сыйланган.
2011-жылдын сентябрь айынан баштап 2019-жылдын 10-февралына чейин
№54 Т.Сарыков орто мектебинде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген. 2011-жылы “Чымбай айылындагы спорт залынын курулушу” долбоорун жетектеп, аны ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн АРИСтин түштүк аймактык өкүлчүлүгүнун Ардак грамотасы менен сыйланган. Мындан сырткары Ош облостук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун “ Ардак грамотасы” менен сыйланган.
2016-жылы Дөң-Булак айылдык кеңешинин депутаты болуп экинчи ирет шайланган.2018-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.Үй бүлөлүү ,жубайы Жолдошова Жыргал үй кожойкеси, уулу Төрөканов Айдар кесиби стамотолог , улуу кызы Төрөканова Бегимай алглис тили мугалими. кичүү кызы Мыктыбек кызы Айдай Жалал-Абад шаарында студент.
2021-жылдын июль айынан баштап №54 Т.Сарыков атындагы орто мектебинин директору болуп эмгектенүүдө.